Концертке конок катары ырчылардан Нурлан Насип, Алишер Тоотаев, Мирлан Баеков, Өктөм Сапар уулу, Алтынбек Алымов, Айпери Кубик кызы, актрисалардан Асема чакырылыптыр. Коноктордун ичинен алгач "Жылдын супер ырчы мырзасы" Нурлан Насип сахнага чыгып, элди Жаңы жылы менен куттуктап, "Менин да сүйүүм ушундай" чыгармасын "Миң кыял" бийчилер тобунун коштоосунда аткарды. Аны менен катар Бек агасы менен дуэт аткарганга жетишти. Эл алдына чыккан ырчылардын баары көрүүчүлөрдү майрамы менен куттуктап, жагымдуу ырлардан аткарышты.
Ал эми куудулдар Кубик Калыков, Абды Кыдырматов, Борончу Кудайбергенов жана Анара Жантөрөевалар үй-бүлөлүк жашоодон алынган "Балык" сатирасын ойноп, залды күлкүгө бөлөштү. Куудул Борончу Кудайбергенов "Президент Алмазбек Атамбаевдин Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусу" деген пародиясын "Билип жүр" ырынын обонуна салып ырдады.
Токточу, Камчы,
Таянар сенин кимиң бар?
Мен сенден коркпоймун,
Менин да сендей иним бар.
Билемин "Ата Журтуңду",
Кайын журтуңду билемин .
Бирок Ак үйгө тийбегин,
Секирип кирбегин,
Мен аны атышып жүрүп алганмын,
Ак үй - менин үйүм, дүрү-дү-дүм
Ак үй - менин үйүм,
Аны эч кимге бербеймин..."
Ошондой эле концерттин жүрүшүндө көрүүчүлөр менен куудулдардын ортосунда кызыктуу оюндар уюштурулуп, катышуучулар белектер менен сыйланышты. Бек Борбиев, Өктөм Сапар уулу жана Алтынбек Алымов концертке келген элди "Сахна, сахна" аттуу ыры менен жылуу узатты. Эл концертке ыраазы болуп, көңүлдүү маанайда үйлөрүнө тарашты.