Өзбекстанда тоодон чоң таш кулап, өтүп бара жаткан Chevrolet Cobalt унаасынын үстүнө түшкөн. Ичинде адамдар бар болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, каргаша 6-ноябрда саат 16:00дө Кашкадарыя районундагы Тахтакарача ашуусунда болгон. Үч адам ошол жерде каза болгон.
Маалым болгондой, автоунаа Китабдан Самаркандга бара жаткан. Каза болгон жарандардын өздүгү такталууда. Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, салондогу жүргүнчүлөр Венгриянын жарандары, ал эми айдоочусу өзбек жараны болгон. Азырынча бул маалымат тастыктала элек.
Учурда аталган ашуу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Азыр ал жерде адистердин тобу иштөөдө.