Түркиянын президенти Эрдоган Бишкекте түрк желектери менен жол боюнда турган балдарды көргөндөн кийин кортежин токтотту. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланган.
Видеодо Эрдоган жол боюндагы түрк желегин кармап турган жаш балдардын ар бирөөсү менен учурашып чыкканын көрүүгө болот.
Ошондой эле видеонун соңунда унаасынан кол булгалаган.
Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-ноябрда мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген. Андан кийин Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышты.