Кыргыз эстрада ырчысы Айар ата статусуна ээ болду. Бул тууралуу ырчы мырза Инстаграм баракчасында сүйүнчүлөдү.
"Сүйүнчү! Жаным, кызым үчүн сага рахмат. Ошондой эле мага колдоо көрсөткөн досторума дагы ыраазычылык билдирем", - деп билдирүү калтырган ал.
Ырчы Айар сүйүктүүсү Айданага былтыр 13-ноябрда баш кошуп, заманбап үлпөт тою Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.