Бек Борбиевдин концертинде куудулдар элдин боорун эзишти

Бүгүн, 2-январда Спорт Ордосунда өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин салтка айланган Жаңы жылдык концертинде куудулдардын жоон тобу элди күлкүгө бөлөдү. Алар учурда саясатта, жашоодо болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди куйкум сөздөр менен эл алдына алып чыгышты.
Айтсак, сакадай бою сары алтын куудул Борончу Кудайбергенов президент Алмазбек Атамбаевдин Нарынга барып сүйлөгөн сөзүн сынга алып, президенттин Камчыбек Ташиевге айткан сөзүн Бек Борбиевдин "Билип жүр" ырынын обону менен "Ак үй меники, сен ага тийбегин" деп пародияга салды. Ал эми пародист Жаныбек Аттокуров "Күмөндөргө үн дүйнө, Жамбылга чач дүйнө, "Кыз-Бурак" деп сыздаган, Гүлшайырга кыз дүйнө" деп Бек Борбиевдин "Кең дүйнө", Алтынай Нарбаеванын "Кимибизден?" деген ырларына чыгарган пародияларын элге тартуулады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
volk7
2014-01-02 21:39:06
Ai okunuchtuu men biwte emesmin. ka4an bul jaktan koro alabyz, AWAnyn sozdorun sagyndym:ailanaiyndarym jakynda onolobuz hahaha
+1
nsk-mk
2014-01-02 23:46:26
volk7, Кудай буйруса, буйрубаса жок
+1
kadyrbeks80
2014-01-03 07:31:47
жаратылыш
0
nazhiev80
2014-01-03 14:40:49
Атамбаевтин нарындагы созу:Кайран элбизда кайран элбиз,таластын жери жер болбойт,таластын эли эл болбойт,нарындыктар малчысысынар,койсунар,нарын шаарынын элинин ар кандай нерсеси кетип жатат нарын дарыясын булгап атат!))) Борончу байкеге да жакпаптырда.
0
mirbakg
2014-01-03 15:34:13
Качан чыгат видеосу?
0
MiRLan007
2014-01-03 21:32:51
kantip boorunardi ezdi menam ezeyinchi bizgeyam teziraak korsotkulo
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан