Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Бүгүн, 7-ноябрда Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басарлары, мэриясынын өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

"Эскерүү иш-чарасынын алкагында "Өчпөс от" мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Майрам 2017-жылы негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан