Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын аба каттамы согуштук кырдаал жаралган аймактан чыгып кетүүнү каалаган 89 орусиялыкты Бейруттан Москвага алып кетти. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
"Жаңжал болгон аймактан чыгууну каалаган орус жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын аба каттамы Бейруттан Москвага учуп кетти. Орусиянын аймагына 89 адам барат. Эвакуациялоо иштери Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана ӨКМдин башчысы Александр Куренковдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлдү”, - деп айтылат билдирүүдө.
Айта кетсек, Израилдин аба күчтөрү кечээ Ливандын борбор шаары Бейруттун түштүгүндөгү Баржа аймагына чабуул жасаган. Анын кесепетинен 30га жакын жаран каза болгондугу айтылган.