Дайырбек Орунбеков Кумтөр мамлекетке өткөнү канча киреше тапканын айтты

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, Кумтөр кенин чет элдик компания менен өлкө иштеткен жылдарды салыштырды.

"Кен чет элдиктер тарабынан башкарылып турган жылдарда жалпы 424 тонна алтын казылган экен. Анын баары Кыргызстандан чыгарылып кеткен. Ошол жылдары мамлекет болгону 101 миллион доллар гана киреше көргөн. Бул үлүштүк киреше же двидент. 2022-жылы мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери кыска аралыктын ичинде Кумтөр ишканасы 2,5 миллиард долларга жакын киреше тапты. Улуттук банкыбызда 50 тоннадан ашык алтыныбыз сакталып турат. Жогоруда айтканымдай, 30 жылда мамлекет 101 миллион үлүштүк киреше тапса, 2022-жылдан баштап үлүштүк кирешеден 291 миллион доллар тапты", - деди ал.

Орунбеков Кумтөр кенин мамлекетке кайтарып алуу ар бир кыргызстандыктын кыялы болгонун, бирок мурунку өкмөттөрдүн биринин дагы мындай ишке эрки жетпегенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан