"Совет доорунда болгон эмес". Орунбеков өлкөдө өнүгүү болуп жатканын айтты

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, өлкөдө болуп жаткан өнүүгүлөр тууралуу айтты.

"Мамлекеттин байлыгы тонолуп, уурдалган жылдары абалыбыз кандай эле? Жолдорубуз тешилип, окуучуларыбыз вагондо окуп, армиябыз куралсыз, аскерлерибиздин кийими жыртык абалга жеткенбиз. Азыр Садыр Жапаров казынадан бир тыйынды дагы уурдатпайт. Жылына 100дөгөн мектептер курулуп жатат. Мындай көрсөткүчтөр керек болсо Союз мезгилинде, өнүгүп-өсүү болуп турганда болгон эмес. Мындан тышкары маданият үйлөрү түшүп жатат, спорттук аянттар, парктар, эс алуу жайлар, ипотекалык үйлөр салынып жатат. Айта берсек мындай мисалдар көп...

Мына армиябыз бүгүнкү күндө көп өлкөлөрдө жок болгон "Байрактар", "Акынжы", "Аксунгур" деген аскердик учкучсуз учактар менен камсыз болду. Чек арачылар мурун 17 миң сом айлык алса, учурда 80 миң сомдон жогору алып жатышат. Президентибиздин демилгеси менен боор, бөйрөк алмаштыруу операциялары ишке ашты. Анын чыгымын мамлекет каржылап жатат", - деди ал.

Орунбеков өкмөттүн алдыда дагы көп дымактуу пландары бар экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан