Талас шаарында 9-12-ноябрь күндөрү жаштар арасында бокс боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан спортчулар катышат.
Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 килограмм салмак категорияларында күч сынашат.