Кыргызстандын карате сётокан боюнча курамасы эл аралык мелдеште 15 медаль жеңди

Кыргызстандын карате сётокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, IX эл аралык мелдеште курама команда 15 медаль жеңишти. Алардын үчөө алтын, төртөө күмүш, сегизи коло медаль.
Белгилей кетсек, мелдеш 3-5-ноябрь күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкентте орун алган. Ага 23 өлкөдөн келген 1500дөн ашык спортчу катышкан. Кыргызстандын атынан жалпы 80 спортчу өлкө намысын коргоду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан