Нидерландынын борбору Амстердамда жергиликтүү "Аякс" клубу менен Израилдин "Маккаби" клубунун ортосундагы футбол беттешинен кийин израилдик күйөрмандарга массалык кол салуулар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, оюн аяктап, күйөрмандар стадиондон чыккандан кийин аларды бет капчан адамдардын тобу каршы алып, кол салуу уюштурушкан. Андан сырткары, алар израилдиктер жашынган мейманканаларга да кирип барышкан. Белгисиз адамдар Палестина желегин көтөрүп, ар кандай ураандарды чакырышканы айтылууда.
Израил өкмөтү жарандарын эвакуациялоо үчүн Амстердамга эки учак жөнөтүп, Нидарландия бийлигинен жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тополоңчуларга каршы тез жана чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылган. Азырынча жабыркагандардын так саны белгисиз.
Белгилей кетсек, бейшемби күнкү оюнда жергиликтүү "Аякс" футболдук клубу "Маккабини" 5:0 эсебинде утуп алды.