Эрдоган Трамптан Израилге курал-жарак берүүнү токтотууну күтөт

Түркия АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трамп Израилге курал-жарак берүүнү токтотот деп үмүттөнөт. Бул тууралуу түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Будапештеги Евро саясий коомчулугунун саммитинен кайтып келгенде журналисттерге айтканын РИА Новости жазды.

"Мен Трамп үчүн жакшы башталыш катары Израилдин Палестина жана Ливан аймактарындагы агрессиясын токтотуу үчүн Тель-Авивге курал-жарак берүүнү токтотуу болот деп айтар элем", - деген ал.

Эрдоган Трамптын президенттиги Жакынкы Чыгыштагы болуп жаткан окуяларга олуттуу таасирин тийгизерин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан