Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Сингапурга болгон иш сапарынын алкагында, туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо министри, ошондой эле соода министри кызматын аркалаган Грейс Фу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, тараптар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, жашыл экономика жаатындагы мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди талкуулашты, ошондой эле Кыргызстан менен Сингапурдун ортосундагы соода мамилелерин кеңейтүү багыттарын белгилешти.
"Ошондой эле Сингапур Тышкы иштер министрлигинин жана Улуттук өнүктүрүү министрлигинин улук министри Сим Энн менен жолугушуу болду. Тараптар Кыргызстан менен Сингапурдун ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жолугушуулардын жүрүшүндө өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун 2025-жылдын жаз айына пландаштырылган Сингапурга боло турган иш сапары да талкууланды. Тараптар алдыдагы иш сапар кыргыз-сингапур кызматташтыгына жаңы дем берип, эки тараптуу күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүнү бекемдейт деген ишенимин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Байсалов жетектеген кыргыз делегациясы дүйнөдөгү ири финансылык жана технологиялык компанияларды, Финансылык кызматтардын келечегин талкуулоо жана калыптандыруу үчүн инновациялык стартаптарды, ошондой эле мамлекеттик органдарды бириктирген Singapore Fintech фестивалына катышуу үчүн Сингапур Республикасында иш сапары менен жүрөт.