Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Арабияга барат 

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Арабияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Сапарынын алкагында мамлекет башчысы Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпысынан Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.

Саммиттин алкагында Садыр Жапаровдун сөз сүйлөөсү, ошондой эле Сауд тарап менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылууда", - деди Азымбакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан