Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барат

Президент Садыр Жапаров 11-13-ноябрда Бириккен Улуттар уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжанга барат. Бул бүгүн, 9-ноябрда тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда Баку шаарында мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

"Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте БУУ КӨАК КОП29 талааларында уюштурулуп жаткан “Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу” иш-чарасында президент Садыр Жапаров, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Непалдын президенти Рам Чандра Поуделдин, жана башка делегациялардын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын сүйлөгөн сөздөрү болот. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле БУУ КӨАК КОП29 талааларында мамлекет башчысынын эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 29-сессиясынын ишине 100дөн ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле дүйнөнүн булуң-бурчунан 150 делегация катышат.

Ал ошондой эле быйыл биринчи жолу БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын конференциясын өткөрүү учурунда 13-ноябрдан 21-ноябрга чейин жалпы “Кыргызстан: Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” темасындагы Кыргызстандын түстүү улуттук павильону орнотулуп, иштей турганын билдирди.

Павильондо күн сайын өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун катышуусу менен климаттык күн тартибинин, Кыргызстандын энергетикалык, соода-экономикалык, туристтик жана инвестициялык потенциалынын актуалдуу маселелери боюнча презентациялар болот.

Мындан тышкары маданий иш-чаралар, улуттук тоо продукцияларынын көргөзмөлөрү жана алардын даамын таттыруулары өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан