Алып баруучу Эркин Нурбаев үйлөндү. Бул тууралуу видеону ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
Эркин Нурбаев Инстаграм баракчасына жубайы экөө Бишкектеги мечиттердин бирине кол кармашып кирип бара жаткан видеосун жүктөгөн.
Анда ал видеонун астына: "Өмүрүмдүн соңуна чейин", - деп билдирүү калтырган.
Мындан тышкары кечээ, 9-ноябрда Бишкектеги ресторандардын биринде алардын үйлөнүү үлпөт тою болду.