Бүгүн, 10-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктап, жаштар үчүн жаңы борборлор куруларын айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөнүн калкынын 35 пайыз жаштар түзөт. Ошону менен катар жаштардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо, алардын шайлоо процесстериндеги пассивдүүлүгүн алдын алууга багытталган “Катыш. Танда. Шайла” долбоору ишке ашырылууда.
“Урматтуу Кыргызстан жаштары!Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн калкынын 35 пайызга жакынын жаштар түзөт. Социалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон биздин жаштарыбыз мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келет. Илим-билимде, искусство менен маданиятта, спорт менен коомдук турмуштагы жетишкендигиңер Кыргызстандын келечеги кең экенин көрсөтүп турат. Жаштар – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви! Ошондуктан Кыргызстандын жаштары – биздин сыймыгыбыз жана үмүтүбүз!
“Жаштар жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруунун алкагында “Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобонун”, “Кыргызстандын жаштар кыймылы жөнүндө жобонун” жана башка мыйзам алдындагы актылардын негизинде бир катар иш-аракеттер көрүлүүдө. Маселен, жаштардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо, алардын шайлоо процесстериндеги пассивдүүлүгүн алдын алууга багытталган “Катыш. Танда. Шайла” долбоору ишке ашырылууда.
Ошону менен катар аймактардагы жаштардын убактысын туура пайдалануусуна, жагымдуу өткөрүүсүнө жана жаңы билимдер менен көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө шарт түзүү максатында бардык керектүү жабдыктар жана техникалар менен камсыздалган жаштар борборлору курулмакчы", - деген өлкө башчы куттуктоосунда.