Бүгүн, 10-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Арабияга кезексиз Биргелешкен араб-ислам саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Делегациянын курамында:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов.