SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, эл ташыган автобустун жуулбаганына нааразы болду.
Ал коомдук транспортко жүргүнчүлөр акысын төлөп түшүп жаткандан кийин мэрия көңүл буруусу керектигин айтты.
"Бизде автобустар тазаланып турабы? Күн сайын жуулуп-тазаланып, анан каттамга чыгыш керек болчу да. Бирок бир нече күндөн бери тазалбаганы көрүнүп турат", - деди шаар тургуну.