Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн аралыктан добуш берүүгө 9050 адам катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев жергиликтүү уктуруулардын бирине курган маегинде билдирди.
Ал жарандарды мындай система менен шайлоого катышуу үчүн каттоо 6-ноябрда жыйынтыкталганын белгиледи.
"4800дөн ашыгы Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелеринен добуш берет. Булар аймактардан келип шаарда убактылуу жашагандар. Көбүнчөсү студенттер, мамлекеттик кызматкерлер каттоодон өттү. Ал эми Каракол шаарында 1500гө жакын жараныбыз каттоого турду. Баткенде миңге жакын болсо, Ошто 800 шайлоочу болду. Калгандары ар бир облустун борборлорунда катталышты", - деди Жылкыбаев.
БШК мүчөсү бюллетенди келген шайлоочуга участкадан чыгарып бере турган жабдуулар келип, текшерүүдөн өткөнүн, жакында шайлоо тилкелерине жайгаштырыла тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, Жылкыбаев быйылкы шайлоодо кирип жаткан өзгөчөлүктөр боюнча маек берип, шайлоо бюллетендери мурдагыдай алдын ала басылып чыгып, шайлоо участкаларына жеткирилбестен, шайлоочулар келип биометрикадан өткөндө гана жанына коюлган принтерден бюллетень басылып чыгарын айткан болчу. Ал муну шайлоодо ашыкча корой турган кагаздар, акча каражаттарына үнөм болорун айтып түшүндүргөн.