Биринчи жолу экранга эки жарым жашында чыккан. Легендарлуу актёр Леонардо Ди Каприо тууралуу кызыктуу фактылар

Бүгүн, 11-ноябрда өздүк майрамын легендарлуу актёр, "Оскар" сыйлыгынын ээси, миллиондогон адамдардын сүймөнчүгү Леонардо Ди Каприо белгилеп жатат. Дүйнөлүк жылдыз 50 жашка толду. SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасынын бул чыгарылышында актёр тууралуу кызыктуу фактыларга гана токтолбостон, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган P. Diddy чырына кандай байланышы бар экени тууралуу да баяндайбыз. Анда кеп башынан болсун...

Леонардо Вильгельм Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында туулган. Ал экранга биринчи жолу 2,5 жашында атасы менен телешоуго чыккан. Мектепте аны көп сабактардан начар окуганы үчүн "калып калган" деп шылдыңдашчу. Ал эми актёр болуу чечимин ал 10 жашында чыгарган. Ага чейин океанолог болгусу келчү. Бой тартканда Ди Каприо Сидс университетинин алдындагы башталгыч мектептин актёрдук чеберчилик курсунда окуй баштаган. Кийин терең билим алуу үчүн Лос-Анжелеске жөнөйт. Ал жерде окутуучулар өткөн сабактарга гана канааттанып калбай, жандуу публикага чыгуу үчүн "The Mud People" авангарддык труппасы менен Лос-Анжелеске гастролго чыккан.

Сидс мектебин бүтүргөндөн кийин Лос-Фелиздеги Лео Жон Маршалдын мектебине тапшырып, ал жерде өзүнүн биринчи пьесасын ойногон. 15 жашында Ди Каприонун өзүнүн жеке агенти болуп, ошол мезгилде эле жарнамалык роликтерде, документалдык фильмдерде тартылган. Ошол эле жылы Лео ошол кездеги эң белгилүү "Лесси" сериалында эпизоддук ролдо ойногон.

Ошентип Ди Каприонун карьерасы күндөн-күнгө өсүп, 1991-жылы экранда анын катышуусу менен "Зубастики-3" деген аталыштагы биринчи чоң кино тартылган. Бул жылы 16 жаштагы ѳспүрүмдү ABS компаниясынын "Growing Pains" белгилүү сериалына тартылууга чакырышкан. Андан соң "Баланын тагдыры" фильминде башкы ролду аткарган. 1993-жылы швед режиссёру Ласс Халстром Ди Каприону "Гилберт Грэйпти эмне тынчсыздандырат?" ("Что гложет Гилберта Грэйпа?") деген фильмине тарткан. Жарым акыл өспүрүмдүн ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ал алгачкы жолу "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Анда Лео 19 жашта гана болгон.

Актёр 2016-жылы февраль айында режиссёр Алехандро Гонсалесанын "Аман калган" («Выживший») тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган.

Ага чейин актёр 1994-жылы “Гилберт Грейпти эмне тынчсыздандырат?” ("Что гложет Гилберта Грэйпа?"), 2005-жылы “Авиатор”, 2007-жылы “Кандуу алмаз” ("Кровавый алмаз") жана 2014-жылы “Уолл-стриттен чыккан карышкыр” ("Волк с Уолл-стрит") тасмаларындагы ролдору үчүн “Оскарга” талапкер болгон.

Ди Каприо "Ромео + Джульетта", "Баскетболчунун күндөлүктөрү" ("Дневники баскетболиста"), "Титаник", "Кум жээк" ("Пляж") "Нью-Йорктун бандалары" ("Банды Нью-Йорка"), "Мени карма, эгер кармай алсаң" ("Поймай меня, если сможешь"), "Авиатор", "Каргыш тийгендердин аралы" ("Остров проклятых"), "Башталыш" ("Начало"), "Улуу Гэтсби" ("Великий Гэтсби"), "Бошотулган Жанго" ("Джанго освобождённый"), Уолл-стриттен чыккан карышкыр ("Волк с Уолл-стрит") тасмаларына тартылып, атактуулугун арттырган.
Жогоруда аталган кинолордун арасынан анын атын ааламга тааныткан кино Жеймс Кэмерондун 1997-жылы жарык көргөн "Титаник" тасмасы болгон. Аталган тасмадагы ролу аркылуу миллиарддаган күйөрмандарды таба алган. Кезинде актёрду көрүү үчүн ал барган жерлерге 5 ай мурда чакыруу же билет алып даярданышкан. Күйөрмандарынын көбү айымдар болгон. Ал кайсы бир басма сөзгө берген маегинде турмушта да кинодогудай эле кокустуктан атактуулукка жеткендигин айткан.
  • Апасы ага Леонардо да Винчинин урматына ысымын ыйгарган.
  • "Титаниктеги" сүрөттөрдү өзү тарткан эмес. Тасманын бардык чиймелерин режиссёр Жеймс Кэмерон тарткан. Кадрда Кэмерондун колдору көрсөтүлгөн.
  • Ди Каприо спорт сүйүүчүлөрдүн катарын толуктайт. Өзгөчө: баскетбол, хоккей, футбол, ролик тебүү жана серфинг менен машыгат.
  • Жогорку билим алган эмес
  • Анын канында бир нече улуттун кандары бар: америкалык, италиялык, немис жана орусиялык. Актёрдун чоң энеси Орусиядан Германияга көчүп барган.
  • Ди Каприо ачуусу менен тырмак тиштеген адатын өзүнүн кемчилиги деп эсептейт. Ал эми юморду анын кадыр-баркы деп санайт.
  • Мектеп жашында эле өтө зээндүү, эс-тутуму жакшы бала болгон. Ал кичинекейинде эле ата-энесин, коңшу-колоңдорун, мектептеги курдаштарын туурап элди аябай күлдүрчү дешет.
  • Леонардонун кайрымдуулук фонду бар. Аны 1998-жылы курчап турган чөйрөнү, климаттык көйгөйлөрдү коргоо максатында негиздеген. Ага актёр миллиондогон акча коротот.

Леонардо Ди Каприо учурда бойдок. 1990-жылдан 2000-жылга чейин актёр даниялык модель Х.Кристенсен менен, 2000-жылдан 2005-жылга ейин бразилиялык модель Ж.Бундхен менен, 2006-жылдан 2009-жылга чейин израилдик модель Б.Рафэли менен сүйүү мамилесинде болгон. Актёр мындан тышкары ырчы Рианна, моделдер Тонни Гарн, Эрин Хизертон, Камила Моррона, Жизель Бюндхен, Анна Вьялицина, Джиджи Хадид, Виктория Ламас менен сүйүү мамилеси тууралуу маалыматтар айтылган. Ал эми азыр актёр Виттория Черетти менен мамиледе экени айтылып жүрөт. Каприонун 25 жашка чейинки жаш кыздар менен гана мамиледе боло турганы боюнча кептер бар. Ал эми азыркы сүйүктүүсү 25 жашта, алардын мамилеси дагы кандай улана турганына назар салып тургандар арбын...

Бирок Леонардо Ди Каприо жогоруда аталган сулуулардын эч бири менен никеге турган эмес. Ал жеке жашоосу тууралуу интервьюларынын биринде киного байма-бай тартылып, бош убактысы аз болгондуктан жана үйүндө аз болгондуктан үй-бүлө курууга шашпастыгын билдирген.

Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандарды топтогон актёрдун ысымы Пи Диддиге байланыштуу чырда аталып келет. Пи Диддинин кечесине катышкан дайымкы коноктордун арасында Леонардо Ди Каприонун катышкандыгы айтылат.

Бирок чет элдик басылмалар Ди Каприого жакын инсайдердин билдирүүсүнө таянып, актёрдун ал окуяларга эч кандай тиешеси жок экенин жазышкан. Андагы маалыматтарда ал Пи Диддинин кечелерине 2000-жылдардын башында бир нече ирет гана барганын, анда Лео актёрдук карьерасын жаңыдан баштаган учурга туш келгенине токтолушкан.

Маалымат үчүн: Учурда Пи Дидди камакта: тергөөчүлөрдүн айтымында, ал ондогон жылдар бою акча, музыкалык келишимдердин ордуна мырзалар менен аялдарды, жаш балдарды сексуалдык зомбулукка дуушар кылган укмуштуу “жапайы кечелерди” уюштуруп келген. Мындан тышкары ага "сексуалдык соода менен алектенген" деген айып тагылууда.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Пи Диддинин Лос-Анжелес, Майами, Нью-Йорк шаарларындагы үйлөрүндө тинтүү жүрүп, федералдык укук коргоо кызматкерлери анын үйүнөн ок дарыларды, 1000 литр балдар майларын табышкан. Рэперге эркектерди, кыздарды, жаш балдарды сексуалдык зордук-зомбулукка мажбурлаган деп айып тагышкан. Ошондой эле тергөө ишинде ырчы сексуалдык кылмыштуу империяны түптөп, күзөтчүлөрү, үй кызматкерлери менен бирге үзгүлтүксүз коркутуп-үркүтүү, шантаж кылуу менен алектенгени айтылат. 16-сентябрда Пи Дидди кармалып, Бруклиндеги убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Ырчынын жактоочулары аны бошотуу үчүн
50 миллион доллар сунушташкан, бирок сот артистти коом үчүн коркунучтуу шектүү деп эсептеп, өтүнүчтү четке каккан.

Ал эми актёрдун бул окуяларга кандай тиешеси бар экенин убакыт көрсөтөт чыгар... Бирок Ди Каприо азыркынын эң таланттуу, көпчүлүктү суктандырган актёру экенин эч кимибиз тана албасак керек.

11-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан