АКШда университеттин кампусунда атышуу болуп, бир адам каза болду

АКШнын Алабама штатындагы Tuskegee университетинин кампусунда атышуу болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү укук коргоо органдарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 10-ноябрда болгон. Анда 18 жаштагы жигит каза болуп, дагы 16 адам октон жаракат алган. Жабырлануучулардын 12си ооруканага жеткирилген. Ал эми качып кеткен 25 жаштагы шектүү кармалып, ага "мыйзамсыз мылтык сактаган" деген айып тагылган.

Аталган университет жарадар болгондордун көпчүлүгү студенттер экенин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан