Александр Лукашенко чемпиондукта беларус балтасы менен отун жарды (видео)

Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск облусунда өткөн отун жаруу боюнча мелдеште беларус балтасын презентациялап, аны менен өзү отун жарып берди.

Отун жаруу боюнча чемпиондук Минск облусундагы Вяча дарыясынын жээгинде өткөн. Чемпиондукка Лукашенко дагы келип, МТЗ чыгарган беларус балтасын презентациялап, аны менен өзү отун жарып берген.

Беларус трактор заводу балталарды 2025-жылы чыгара баштаары айтылды.

Отун жаруу боюнча чемпиондук биринчи жолу 2022-жылы өтүп, журналисттердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Команда 4-7 адамдан турат (кеминде эки аял жана эки эркек). Бирок катышуучулардын, ошондой эле күйөрмандардын жалпы саны жыл сайын көбөйүүдө. Республиканын бардык аймактарынан келген командалар чемпиондук наам үчүн күрөшүп, быйыл катышуучулардын саны бир топ көбөйгөн.

Лукашенко отун жарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан