Ракка чалдыккан актёр Мурат Бисенбин оорусуна карабай машыгып, баарын таң калтырды (видео)

Рак илдетине чалдыгып, дарыланып жаткан казакстандык актёр Мурат Бисенбин оорусуна карабай машыгып жаткан видеосун Instagram баракчасына жарыялады.

"Рэкетир" тасмасынын жылдызы өзүнүн туруктуулугу менен күйөрмандарын таң калтырды.

"Мен мүмкүн болушунча машыгам. Колдооңуздар жана каалооңуздар үчүн бардыгыңыздарга рахмат. Сизге ден соолук жана позитив каалайм”, - деп жазды Бисенбин видеонун астына.

Күйөрмандар тынчсыздануусун билдирип, актёрго жакшылык каалаган комментарийлерди калтырышууда.

Сентябрда актёр Мурат Бисенбин рак илдети менен жабыркап жатканын кесиптеши Саят Исембаев айтып чыккан. Ал ошондой эле актёрго жардам берүү үчүн атайын эсептер ачылганын билдирген.

Мурат Бисенбиндин машыккан видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан