Маданият министри Алтынбек Максүтов Орусиядага "Царица" вокалдык шоусуна катышып жаткан таланттуу ырчы Бегимай Турусбекова менен жолукту. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда министр Бегимайга эл аралык аренада ийгилик жараткандыгы менен куттуктап, Кыргызстанды таанытып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле улуттук өнөрдү жайылтуу жана кыргызстандык жаштарды шыктандыруу үчүн мындай чыгармачылык маанилүү экендигин баса белгилеп өткөн.
Жолугушууга "Пятница" телеканалынын тартуу тобунун өкүлдөрү дагы катышкан.
"Министрге жылуу кабыл алып жана долбоорго көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын маданияты көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратарын белгилешти", - деп жазылат маалыматта.