Бүгүн, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжанга жөнөп кетти. Бул туурасында презиленттин маалымат кызматы билдирди.
Расмий делегациянын курамындагылар:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Максат Мамытканов;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев;
- Президенттин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова.
Белгилей кетсек, Баку шаарында 12-ноябрда Садыр Жапаров климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.
Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте БУУ КӨАК КОП29 талааларында уюштурулуп жаткан “Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу” иш-чарасында Президент Садыр Жапаров, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Непалдын Президенти Рам Чандра Поуделдин, ошондой эле башка делегациялардын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын сүйлөгөн сөздөрү болот. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт.