Садыр Жапаров Эр-Рияддан түз эле Бакуга учту (фото)

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарына иш сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчынын учагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конгон.

Эске салсак, иш сапардын алкагында 12-ноябрда мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Буга чейин Садыр Жапаров Эр-Риядда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан