Садыр Жапаров Кветтадагы терактка байланыштуу Пакистанга көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге жана өлкөнүн премьер-министри Шахбаз Шарифке Кветта шаарындагы темир жол вокзалында болгон терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

“Пакистандын Кветта шаарында террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Пакистан элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм”, - деп айтылат телеграммада.

9-ноябрда Пакистандын түштүк-батышындагы темир жол бекетинде жанкечти өзүн жардыргыч зат менен жардырып жиберген. Анын кесепетинен поезд күтүп турган 100дөй адамдын 24ү каза болуп, 50гө жакын киши жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан