Косоволук машыктыруучу Валмир Фетиу балдар арасындагы таэквондо боюнча Европа чемпиондугунун финалында кызын кордогону үчүн дисквалификацияланды. Бул тууралуу Европа таэквондо биримдигинин (ETU) басма сөз кызматы билдирди.
Турнир 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин Тегеранда өткөн. Фетиунун кызы Валина турнирдин финалына чейин жетип, бирок финалда сербиялык кызга утулуп калган. Финалдык беттеш аяктап, кыз атасы тарапка басып келгенде машыктыруучу аны жаакка чаап жиберген. Ал өзү кийинчерээк мындай жүрүм-турум жаза эмес, баланы тынчтандыруунун бир жолу экенин айткан.
Мындан улам машыктыруучу алты айга четтетилип, улуттук жана эл аралык мелдештерге катышууга тыюу салынды.
"Байкоочу кеңеш беттештен кийин спортчуга кол көтөргөн машыктыруучуну 6 айга дисквалификация кылды. Окуя видеокамерага түшүп калган. Машыктыруучу өзүн биздин спортто кабыл алынгыс алып жүрүүдө", - деп айтылат Европа таэквондо биримдигинин билдирүүсүндө.