Бүгүн, 12-ноябрда туулган күнүн белгилеп жаткандардын катарында Голливуд жылдызы Энн Хэтэуэй да бар. Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон актриса 42 жашка толду. SUPER.KG порталы дүйнөлүк жылдыздын чыгармачылыгы, балалыгы, үй-бүлөсү жана жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтогонго аракет кылып көрдү.
Толук аты-жөнү – Энн Жаклин Хэтэуэй
Туулган жылы, күнү – 1982-жыл, 12-ноябрь
Туулган жери – АКШ, Нью-Йорк шаары, Бруклин аймагы
Билими – Театралдык мектепти аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, эки уулдун апасы
Алган сыйлыктары – "Оскар" (2013), "Алтын глобус" (2013), BAFTA (2013), "Эмми" (2010)
Энн Жаклин Хэтэуэй үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу, Майкл аттуу агасы жана Томас деген иниси бар. Хэтэуэйдин атасы Жерард юрист болсо, апасы Кей театр актрисасы. Чыгармачылыкты жанындай көргөн Кей өзү жетпеген ийгиликке кызы жетип атактуу болуусун каалачу. Анан да белгилүү америкалык акын, драматург Уильям Шекспирдин жубайындай болсун деп кызына Энн деген ысымды ыйгарат.
Энесинин жолун жолдогон болочок жылдыз мектептин жогорку класстарында окуп жатканда эле "Матрацта болгон окуя" мюзиклинде роль жаратып, "Жогорку класстарда окуган актрисалар арасындагы эң мыкты аткаруу" наамына талапкер болгон.
Актрисанын чыгармачылык иши "Fox" телеканалындагы "Өзүңдү табигый түрдө карма" кыска метраждуу телесериалы менен башталган. Кийинчерээк актриса Мия Термополистин ролун аткарып, "Disney" компаниянын "Ханбийкенин күндөлүгү" аталышындагы күлкүлүү тасмада башкы ролду аткарган. Бул ролу үчүн актриса "Күлкүлүү окуядагы тасманын актрисасы" номинациясынын жеңүүчүсү болгон.
2005-жылдан тартып Хэтэуэй чоңдорго арналган тасмаларда тартыла баштаган. "Башаламан" тасмасында роль аткарганы үчүн "Эң мыкты актриса" номинациясын жеңген, "Тоонун сыры" тасмасы актрисага АКШ киноактёрлор гильдиясынын сыйлыгынын алып келген.
Кийинчерээк актриса Мерил Стрип менен бирге "Прада кийген азезил" тасмасында тартылып, атактуулукка жеткен. Хэтэуэй "Рэйчел турмушка чыгат" тасмасында баңгизатка көз каранды болгон адамдын ролун аткарганы үчүн да "Эң мыкты актриса" номинациясын уткан.
Белгилүү актриса көркөм адабиятты сүйүп окуйт, башкага убакыт таппаса дагы, китеп окуганга убакыт табарын дайыма айтып келет. Анын ысымы Уильям Шекспирдин жубайы Энн Хатауэйдин атынан коюлганы бекеринен эместей...
Анан да абдан жөнөкөй, кээде катардагы адамдарга аралашып дүкөнгө, сейил бактарга бара берет. Дал ушул жөнөкөйлүгү үчүн аны көпчүлүк режиссёрлор жакшы көрүшөт.
Актриса динди катуу карманган үй-бүлөдө тарбиялангандыктан анын тегерегиндеги кыздар мугалим, балерина, актриса болууну кыялданып жүргөн мезгилинде, ал чиркөө кызматкери болууну самаган. Бирок убакыттын өтүшү менен ал өз дининен баш тартып, кыялы менен кош айтышкан. Энн азыркы мезгилге чейин бир да динди тутунбайт.
Энн 12 жашынан баштап эт азыктарын тамакка колдонуудан баш тарткан. Актрисанын сүйүп жеген азыгы брокколи.
Курамында спирт, кант жана кофеин бар азыктардан Хэтэуэйдин аллергиясы бар. Мындан улам актриса ар кандай шаңдуу кечелерди көп жактыра бербейт.
Таң эрте уйкуну ачыш үчүн сөзсүз түрдө кофе ичүү керек эместигин баса белгилейт.
Энн Хэтэуэй алып баруучулук, ырчылык менен да алектенип келет. 2006-жылы актриса "Дүйнөдөгү эң сулуу 50 инсан" тизмесине кирген. Мындан сырткары алып баруучулук, ырчылык менен да алектенип келет. Үй-бүлөлүү, балдарынын мээримдүү энеси, миллиарддаган күйөрмандардын сүйүктүү актрисасы.
Актрисанын италиялык ишкер Рафаэлло Фольери менен болгон сүйүү мамилеси көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Алардын мамилеси 4 жылга созулган. Анда эки жаштын ажырашуусуна ишкердин алдамчылык менен акча таап, 4 жылга эркинен ажыратылгандыгы себеп болгон. Жакын адамынын мындай кылыгына капа болгон Энн экинчи мырзалар менен мамиле түзбөйм дегенге чейин барган.
Ал: "Рафаэлло камакка алынды. Элдин баары мени да алдамчы деп күнөөлөп киришти. Экөөбүз кол үзүшкөндөн кийин да «Рафаэллонун башына кыйын күндөр түшкөндө таштап кетти» деп мени кайрадан айыптап башташты. Мындай жашоодон тажап турган мезгилде азыркы жолдошум Адамды жолуктурдум. Ал күн азыркыдай эсимде. Досторум бир кечеге чакырышкан. Ал жерден Адам деген жигитти жактырып калдым. Дароо тааныштарымдан сураштырсам, сүйлөшкөн кызы бар экен. Алардын мамилесин бузууга акым жок деп отуруп калгам. Бир күнү курбум чалып, Адамдын жүрөгү кайрадан бош экенин айтып жатпайбы. Кубанып төбөм көккө жеткен. Дароо анын телефон номерин таап чалып, «бир фестивалга чогуу барып келели» деп сунуштадым. Ошентип ошол күндөн ушул кезге чейин биргебиз. 2012-жылы мыйзамдуу түрдө баш коштук", - деп билдирген актриса.
Учурда түгөйлөр эки уулду тарбиялап келишет. Мындан сырткары актриса тасма талаасында активдүү болуп, түрдүү ролдору менен дүйнө жүзүндөгү күйөрмандарын кубантууну улантууда. 2024-жылдын ичинде эле бир катар ийгиликтүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга жетишкен. Алардын катарында "Энелик инстинкт", "Сен жөнүндө ой" тасмалары бар.
12-ноябрдын жылнаамасы.