Абхазиянын оппозициясы баш калаа Сухумдагы бардык негизги көпүрөлөр жабылганын жарыялады. Тиешелүү билдирүүлөр оппозициячылдардын Telegram каналдарында жазылды.
Сөз Жогорку Гумиста, Төмөнкү Гумиста жана Кодори көпүрөлөрү жөнүндө болуп жатат. Оппозиция ошондой эле камактагы активисттерди бошотууну талап кылды.
12-ноябрга караган түнү Абхазиядагы оппозициялык күчтөр эки көпүрөгө тракторлорду коюп, республикалык трассаны тосуп алышкан. Буга кечээ Гудаутадагы элдик жыйындан кайтып келген оппозициячылардын кармалышы себеп болгон.
Нааразылык акцияларынын алдында Абхазиянын президенти Бжания өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.
Абхазиянын мурдагы экономика министри, 2020-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкер Адгур Ардзинба өлкөдөгү нааразылык акцияларынын максаты камактагы оппозиционерлерди бошотууга жетишүү жана Орусия менен инвестициялык келишимди ратификациялоого жол бербөө экенин айтты.
Мурдараак маалымдалгандай, Абхазиянын парламенти Орусия Федерациясы менен инвестициялык келишимди ратификациялоо маселесин 15-ноябрда кароону пландап жатат.