Орусиянын Федералдык салык кызматы UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун уюмдарынын эсептерин жаап салды. Mash Телеграм каналынын маалыматы боюнча, ал эки жоопкерчилиги чектелген коомдун негиздөөчүсү болгон.
Федералдык салык кызматы мушкердин “Футбол тобунун музейи” жана “Билим берүү, спорт жана социалдык демилгелерди өнүктүрүү фонду” компанияларынын эсебин жапкан. Буга компаниялардын документтериндеги каталар себеп болгон.
Тагыраагы, алардын бири 2021-жылы негиздөөчүлөрү тууралуу маалыматты жашырса, экинчисин Нурмагомедов коммерциялык эмес уюм аркылуу жетектеген.
Буга чейин Хабиб Нурмагомедов 2019-жылдан 2021-жылга чейин чет өлкөдөн алган кирешесинен салык төлөбөгөнү такталган. Ага карата иш козголгон. Сот аткаруучулар мушкердин 79 миллион рубль өлчөмүндөгү мүлкүн камакка алышкан.