Коңшу Казакстандын апелляциялык комиссиясы Назим Кахармандын мурдагы күйөөсү Куандык Бишимбаевди ата-энелик укугунан ажыратуу боюнча арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Апелляциялык арызды кароо жабык форматта өткөн. Жыйынтыгында соттук коллегия биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырууну чечкен.
Мурдараак Назим Кахарман Бишимбаевди ата-энелик укугунан ажыратуу боюнча сотко кайрылуунун негизги себеби катары балдардын фамилиясын өзгөртүүгө жана чет өлкөгө чыгууга макулдук алуудагы көйгөйлөр болгонун айткан.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын сентябрь айында Астана шаардык соту Назым Кахармандын Куандык Бишимбаевге карата жашы жете элек балдарга карата ата-энелик укугунан ажыратуу боюнча доосун канааттандырган эмес.