Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда БУУнун 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарындагы Олимпиада стадионуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, конференцияга 50 миңден ашык адам, анын ичинде 100дөн ашык мамлекеттин лидерлери катышат.
Иш-чаранын катышуучулары парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды, климатты каржылоо маселелерин, энергетикадагы технологиялык инновацияларды, жаш муундарга билим берүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жаштардын демилгелерин колдоону талкуулашат.
Аталган иш-чарага келген делегация башчыларын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде улуттук билдирүү менен чыгып сөз сүйлөйт.