Чүйдө тургун үйүн сатып, акчасын кошунасына катып турууга берген. Окуя өлүм менен аяктады

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-октябрда Бер-Булак айылдагы үйлөрдүн биринен бутунан моюнуна чейин электр зымы менен таңылган 73 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Маркумдун баш бөлүгү канжалаган. Ал тургай бөлмөнүн ичи дагы канга боёлгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 28 жаштагы кошунасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөдө кошуналар жакшы мамиледе болгону, октябрь айынын башында маркум үйүн 60 миң долларга сатып, аны сактоо үчүн кошунасына бергени, бирок ал акчанын баарын өз муктаждыгына жумшап, алган сумманы кайтарып бербөө үчүн кошунасын өлтүргөнү аныкталган.

Облустук милиция бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан