АКШда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу миңдеген авиакаттамдар токтотулду

АКШда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 2000ден ашык авиакаттам токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, катуу бороон-чапкынга байланыштуу АКШнын түндүк-чыгыш аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди. Синоптиктер кардын 35 сантиметр калыңдыкка чейин жаашын жана шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 чакырымга чейин жетерин алдын ала айтышууда.
"Учурда бир нече шаар электр жарыгысыз калды. Авиакаттамдардын токтотулганына байланыштуу мейманканаларда орун калбай, эл аэропорттордо түнөөгө аргасыз болууда" деп жазылат маалыматтарда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algajawoo
2014-01-04 19:50:15
США жок болсо дуйно Тынч жашайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан