«Альянс» фракциясынын депутаттары «Демилгелүү шаар 2.0» шаарды өнүктүрүү программасын колдошту

«Альянс» фракциясынын депутаттары Бишкек шаардык кеңешине боло турган шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында «Эмгек» партиясынын «Демилгелүү шаар 2.0» деп аталган жаңыланган программасын талкуулоо максатында аталган партиянын штабында болушту.

Жолугушуу «Эмгек» партиясынын төрагасы Токтосун Султановдун демилгеси менен өтүп, депутаттар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган негизги долбоорлор жана демилгелер менен таанышышты.

Борбордун маданий жана спорттук турмушунун маанилүү бөлүгүнө айланган «Эмгек» футбол клубунун түзүлүү тарыхынын бет ачары жолугушуунун урунттууучурларынын бири болду. Бирок талкуунун негизги бөлүгү партиянын шайлоо алдындагы «Демилгелүү шаар 2.0» программасын талкуулоого арналды.

«Альянс» фракциясындагы кесиптештеринин өзгөчө көңүлүн Чоң Чүй каналын (ЧЧК) реконструкциялоо планы бурду. Бул долбоор борбор калааны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары каралып, жээктерди бойлото заманбап рекреациялык аймактарды түзүү камтылган. Фракция өкүлдөрү бул демилгениколдошуп, анын Бишкек шаарынын мындан аркы өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.

«Шайлоочу катары мен «Эмгек» партиясын колдойм, анткени алардын программасы абдан реалдуу жана БШКнын алкагында ишке ашырууга болот. Мага Чоң Чүй каналын реконструкциялоо тууралуу пункт жакты. Бул борбордун түндүгү үчүн маданий жана экономикалык драйверге айланат деп ишенем», - деген көз карашын депутат Жанар Акаев билдирди.

Эл өкүлү Айсулу Мамашова партиянын программасында жаңы кошулган аймактарды шаарга интеграциялоого көп көңүл бурулганын белгиледи. Мындан тышкары, ал ЧЧКны реконструкциялоо борборубуздун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө салым кошоорун белгилеп өттү.

«Парижде Эйфель мунарасы бар. Бишкектин да өзүнүн кооздугу, миллиондогон туристтерди тарта турган визиттик картасы болушун каалайт элем», - деди эл өкүлү.

Депутат Жумабек Салымбеков «Эмгек» партиясы үчүн парламенттин колдоосу маанилүү экенин баса көрсөттү.

«Альянс» фракциясындагы кесиптештерибиз«Демилгелүү шаар 2.0» программасында камтылган идеяларды жана долбоорлорду толугу менен колдоп жатканын көрүү абдан жагымдуу». Саясий бирикмелердин ортосундагы мындай жолугушуулар жана диалогдор борбор калааны өнүктүрүү үчүн мындан да натыйжалуу чечимдерди жаратат деп ишенем», - деди ал.

«Эмгек» партиясынын лидери депутаттарга партиянын бул программасына жогору баа бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул абдан маанилүү, анткени биздин партия ЧЧКны реконструкциялоо сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыра алышы үчүн Жогорку Кеңештин колдоосу керек», - деп жыйынтыктады Токтосун Султанов.

Жолугушуу шаардыктардын бакубатчылыгын жана борбордун инфраструктурасын жакшыртууга багытталган демилгелер боюнча пикир алмашуу менен аяктады.

Төлөм «Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жокоева Ж.Ж. тарабынан жүргүзүлдү.

12.11.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан