ИИМ массалык башаламандык уюштурууну каалагандар кантип бийликти басып алууну көздөгөнүн айтып берди

ИИМдин ыкчам кызматы массалык башаламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобун кармады.

Маалымдалгандай, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери массалык башаламандыктарды даярдап жаткан жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн адамдардын тобу жөнүндө маалымат алышкан.

Аталган топ спорт оюндарын, ошондой эле башка мелдештерди Бишкектин чет жакаларында өткөрүүнү пландаган. Улуттук спорт оюндарын өткөрүүгө жамынып алышып, кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн зомбулукка чакырууга, конституцияга каршы чакырыктарды жасоого даярданышкан. Ошондой эле 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда бийликти күч менен басып алууну көздөшкөндүгү айтылган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган топтун бир катар мүчөлөрү кармалган.

1. Чет мамлекеттин жараны, ал эле Ош облусунун тургуну 1987-жылы туулган К.А.О.. Чет мамлекеттин аймагында согуш аракеттеринин катышуучусу болуп саналат, анын милдеттерине: физикалык жактан даярдалган адамдарды тандоо.

2. Чет мамлекеттин жараны, ал эле Ош облусунун тургуну А.у. М., К. А. менен бирге Кыргыз Республикасына массалык башаламандыктарды өткөрүүгө жардам берүү үчүн келген.
Кармоо учурунда андан номурлары өчүрүлгөн белгисиз үлгүдөгү тапанча жана анын октору, салмагы 5,7 грамм болгон "гашиш" баңгизаты табылган;

3. Чет мамлекеттин жараны М.М.Т. чет мамлекеттин аймагында согуш аракеттеринин катышуучусу болуп саналат, Кыргыз Республикасына досу К. А. менен бирге массалык башаламандыктарды жүргүзүүгө жардам берүү үчүн келген, учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) менен иштөө боюнча адис, жардыруучу түзүлүштөрдү даярдоо жана колдонуу жөндөмүнө ээ;

4. Чүй облусунун тургуну, уюштуруучу жана координатор Б.Т.Н. мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, массалык башаламандыктарды өткөрүү үчүн жогоруда аталган адамдарды демөөрчүлүк кылган жана ишке тарткан, мессенджерлер боюнча чагымчыл видеороликтерди жана шилтемелерди тараткан, анын милдетине деструктивдүү элементтерди, мурда соттолгон адамдарды жана көрсөтүлгөн мыйзамга каршы аракеттерди каржылоого даяр башка адамдарды каржылоо жана табуу кирген;

5. Чүй облусунун тургуну К.Д.С. каракчылык, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо, уурдоо жана баңгизатын сатуу боюнча бир нече жолу соттолгон, анын милдетине үгүт жана каржылоо жолу менен спорттук иш-чараларга жамынып катышуучуларды чогултуу кирген, элди өкмөт үйүнө жөнөтүшү керек болгон;

6. Чүй облусунун тургуну Ч.А.С. уюштуруучу жана координатор болот. Ал Б.Т.нын уюштуруу жана акча каражаттарын бөлүштүрүү, жалданган адамдардын акысын төлөө жана элди чагымчылдыкка үндөө маселелери боюнча жакын адамы.

7. Негизги уюштуруучу А.у.К. Жалал-Абад облусунда туулган. Ал КРнын Башкы прокурорунун мурдагы орун басары, анын милдетине финансылык камсыздоо, укук коргоо органдары менен байланышуу, алардын аракеттери жөнүндө алынган маалыматтарды берүү, массалык башаламандыктарда жана бийликти басып алууда ролдорду бөлүштүрүү жана координациялоо кирген.

Ошондой эле аталган топтун кампасынан элди мас кылуу үчүн 1000 бөтөлкө арак, 2000 бөтөлкө минералдык суу, 1 тонна күрүч, союу үчүн 1 жылкы жана массалык башаламандыктарга катышкандарга аш даярдоо үчүн азыктар алынган.

Кармалган адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүмү, 36, 278-беренелер (массалык башаламандыктарды даярдоону уюштуруу); 261-беренесинин 1-бөлүмү (уюшкан топ түзүү); 263-беренесинин 2-бөлүмү (уюшкан топту каржылоо); 326-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу); 256-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышуусу) менен айыптары угузулду.
Соттун чечими менен жогорудагы кармалган адамдарга карата 2025-жылдын 10-январына чейин тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Учурда кылмыш иши боюнча уюшкан кылмыштуу топтун башка уюштуруучуларын жана катышуучуларын аныктоо боюнча бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан