АКШ Сириядагы ирандык аскерлердин бутасына сокку урду

Америкалык аскерлер Сириядагы Иран колдогон куралдуу топтордун курал-жарак жана логистикалык объектисине сокку урду. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы билдирди.

CENTCOM агенттигинин айтымында, 11-ноябрда АКШнын Борбордук командачылыгынын күчтөрү Иран колдогон куралдуу топтордун курал-жарак сактоочу жана логистикалык координациялоочу жайына сокку урду.

Алар чабуул Сириянын түндүгүндөгү Эль-Хасаке провинциясындагы Шаддадиде жайгашкан АКШнын аскерий базасына ракеталык чабуулга жооп иретинде жасалганын белгилешти.

Октябрда Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясындагы Конико газ кенине жакын жайгашкан америкалык аскерий база бир нече ракета менен чабуулга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан