Япониянын премьер-министри Сигеру Исиба өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасынын жыйынында аны өкмөт башчылыгына кайра шайлоо жөнүндө маселени чечип жаткан учурда уктап кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Йосимаса Хаяшинин премьер-министр жыйынга чейин суук тийгенге каршы дары ичкендиктен уктап калышы мүмкүн экенин айткан.
Ал Исибанын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр жок экенин тактады. Бирок 9-ноябрдын кечинде өкмөт башчысына суук тийип, өзүн жаман сезип, "Тез жардам" дарыгерлерин чакырууга аргасыз болгонун кошумчалаган.
1-октябрда Фумио Кисида башчылык кылган Япониянын Министрлер кабинети толугу менен отставкага кетти. Андан кийин өлкөнүн мурдагы коргоо министри Исиба өкмөттүн жаңы башчысы болуп шайланды.