Өлкөдө бул жылы кант кызылчасын өндүрүү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч деп эсептелди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы түшүм 900 миң тоннага жетери болжолдонууда. Бул 120 миң тонна ак кантты өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Өлкөдө быйылкыдай түшүмдүн көлөмү акыркы 10 жылда болгон эмес.
Кыргызстанда кант өндүрүүчү 2 ишкана "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" ААКсы иштеп жатат. Аталган ишканалар кант кызылчасынан ошондой эле кант камышынан да кант чыгарат.