Санкт-Петербургдагы "ActiveTestGroup" компаниясы ырчы Алсуга каршы доо арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Болжолдуу түрдө соттук териштирүү соода белгилерине байланыштуу болушу мүмкүн.
Тагыраагы, жакында эле аталган компания УЗИ аппаратына Alsu брендин каттоого арыз берген. Ошол эле учурда ырчыга эки “Алсу” соода маркасы катталган. Мындан улам компания ырчынын "Алсу" соода маркасынын атын бөлүшүүнү каалап, сотко кайрылган.
27-августта сот 41 жаштагы Алсу менен 46 жаштагы Ян Абрамовду ажыраштырган. Ырчы менен миллиардер 18 жыл чогуу жашап, үч балалуу болушкан.