Бүгүн, 13-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарында троллейбустардын каттамга чыкпай калышына эл нааразы экенин айтты.
"Өкмөттөбү же мэриядабы, ким ушундай эксперименттерди кылып жатат? "Коомдук транспорттор жетишпей жатат" деп кайрылуулар түшүп атат. Троллейбус жок, эл жумушка же окууга убагында бара албай калууда", - деди ал.
Ошондой эле эл өкүлү жаңы автобекет курулбай жатып, Батыш автобекетинин жабылганы дагы жарандарга кыйынчылыктарды жаратып жатканын белгилеп, өзгөргөн окуу графигин дагы сынга алды. Ал муну кыш келгени студенттер түнгө калып жатканы менен түшүндүрдү.
Буга чейин калаа бийлиги троллейбусттардын каттамдан алынып жатканын маалымдаган.