Кыргызстандын, Азербайжандын, Түркиянын жана Өзбекстандын биринчи канайымдары “Жаштар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө" аттуу конференцияга катышты. Бул тууралуу Азербайжандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, биринчи айымдар: Айгүл Жапарова, Мехрибан Алиева, Эмине Эрдоган, Зироатхон Мирзиёева катышкан иш-чара БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 29-сессиясынын алкагында өткөрүлгөн. Анда канайымдар сөз сүйлөп, бир нече маселени талкуулашкан.
Белгилей кетсек, кечээ 12-ноябрда президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен Баку шаарына барган. Өлкө башчы Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышты.