Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоого активдүү катышууга чакырды.
Мамлекет башчысы кайрылуусунда шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге кыпындай да негиз жок экендигин белгилеген.
"Азыр шайлоолор мурункудай эмес. Мурун кандай болгонун баарыңыздар эле менден жакшы билесиздер. “Карусель” дегенди колдонуп, бюллетендерди таңгактап урнага таштаган учурлар болгон. Азыр анын бири жок. Бардыгы автоматташтырылган.
Бишкекте же облустардын борборунда туруп ар кыл айылдардагы өздөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлай алышат. (БШК белгилеген тартипте аралыктан шайлайм деп 6-ноябрга чейин катталып койгондор үчүн) Бир шайлоо тилкесинен бир добуш берип, анан кайра башкасына бара коюп добуш берем деген “карусель фокустар” өтпөйт.
Санарип системасы тигил же бул жаран кайсыл шайлоо тилкесинен добуш бергенин дароо көрсөтүп коёт. Өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелеринде видеобайкоо камералары коюлган. Алар БШКнын башкы имаратынан түздөн-түз көрүнүп турат.
Кыскасы, добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге кыпындай да негиз жок. Мунун баары эмнеге жасалып жатат? Элибиздин эң башкы конституциялык укугун ишке ашыруусун камсыз кылуу үчүн жасалып жатат.
Шайлоолордун чоң, кичинеси болбойт. Жергиликтүү эле кеңештердики деп жээрибеңиздер. 17-ноябрда шайланып келген депутаттар биринчилерден болуп эле жер-жерлерден Элдик Курултайдын делегаттарын шайлашат. Андыктан Элдик Курултайдын курамдык сапаты сиздер шайлай турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан көз каранды болот. Курултайда кайсыл гана маселе болбосун көтөрүп чыга алышат.
“Сөз эркиндиги жок, бизге кысым болууда” деген айрым “журналист сымалдар, блогер сымалдар” бар. Ошолорго айтаарым: өзүңүздөрдүн аймактан, шаарлардан, айылдардан Курултайга делегат болуп шайланып келиңиздер. Өзүңөрдүн эл алдындагы аброюңарды көрсөтүп, бийликке карата каалаган суроолоруңарды бериңиздер. Биз силерден кача турган суроо жана маселе жок. “Дүжүр Курултай болду же дүжүрлөр шайланып келишти” деген сөздөрдү кайталабаш үчүн бийликке нааразы болгон “блогерлер, журналисттер, активисттер, акылдуу сымалдар”, Элдик Курултайга шайланып келип, болгон суроолоруңарды узатып, ой-пикирлериңерди, дооматтарыңарды түз эфирде ачык айтыңыздар. Курултайдын делегаттарын шайлоого бийлик, мамлекеттик түзүмдөр кийлигишпейт" деди өлкө башчысы.
Ошондой эле өлкө башчысы Элдик курултай бийлик менен элдин ортосундагы диалог экенин, анда айтылган көйгөйлөр чечилип жатканын кошумчалаган.
"Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Каалаган сөзүңдү ачык айта бер. Элдин баары эле айтып атат. Эч кимге тыюу жок. Болгону жалган айтпа, бирөөгө курулай жалаа жаппа, жеке абройуна шек келтирбе. Элди козуткан жалган маалыматтарды таратпа. Европа жана Америка өлкөлөрүнөн “качкын” макамын алыш үчүн өз өлкөңдү, өз элиңди жамандаба.
Эми жыйынтыктап айтсам, 17-ноябрдагы шайлоолорго активдүү катышыңыздар! Андан кийин Элдик Курултайдын делегаты болууга аракет кылыңыздар жана делегат болуп келип, элди түйшөлткөн, элге пайда бере турган маселелерди көтөрүңүздөр. Биз аткарууга даярбыз", - деди Жапаров.
Эске салсак, 16-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров шайлоого байланыштуу кайрылуу жасаган.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт.