"Эмгек" партиясынын айымдар командасы тигүү цехинин кызматчылары менен үгүт жолугушуусун өткөрдү

2024-жылдын 9-ноябрында "Эмгек" партиясынын аялдар командасы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Биринчи май районунда жайгашкан тигүү цехтеринин бирине барды. Партиянын өкүлдөрү борбор шаарыбыздагы аялдардын актуалдуу маселелерин талкуулоо жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча партиянын пландарын тааныштыруу үчүн өндүрүштүн жумушчулары менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда «Эмгектин» спикерлери партиянын “Демилгелүү шаар 2.0” программасын тааныштырышты. Анда борбор калаанын инфраструктурасын өнүктүрүү пландары гана эмес, бардыгы үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдүн шаарын куруу камтылган.

«Биздин өлкөдө, шаарыбызда жеңил өнөр жай тармагында негизинен аялдар иштешет. Дал ошондуктан биз мында аларды партиянын программасы менен тааныштыруу үчүн келдик. «Эмгек» үчүн борборубуздагы аялдардын үнүн угуу жана аларды түйшөлткөн маселелер жөнүндө өздөрүнөн билүү маанилүү», — деп белгиледи депутаттыкка талапкер Ширин Абдыкеева.

Ал «Эмгек» партиясындагылар жалгыз бой энелердин, өзгөчө балдары бар ата-энелердин жашоо-турмушун жеңилдеткен, билим берүүнүн жана сапаттуу медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн шарттаган көптөгөн демилгелер шаар үчүн керектигин баса белгиледи.

«Биз бүгүнкү күндө социалдык күн тартибиндеги маселелер канчалык олуттуу экенин көрүп турабыз. Адамдар күн сайын биздин call-борборго көйгөйлөрү менен кайрылышууда. Бул Кыргыз Республикасы үчүн жалпы маселе. Партиябыз бул маселелер так аныкталышы жана чечилиши үчүн Бишкектин социалдык демилгелерин колдойт. Биз ушул багыттагы ишибизди улантабыз», — деди партиянын дагы бир өкүлү Махабат Жумагулова.

Тигүү цехинде иштегендер талкууга активдүү катышып, өз көйгөйлөрү менен бөлүшүп, шаардагы жол тыгынына, жаңы кошулган райондордун маселелерине байланыштуу жана башка суроолорду узатышты. Алар ошондой эле партияга алдыдагы шайлоодо ийгиликтерди каалап, бул саясий бирикме эмгек адамдарынын кызыкчылыктарын көздөгөндүктөн «Эмгекти» колдой тургандыктарын белгилешти.

Төлөм «Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жокоева Ж.Ж. тарабынан жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан