"Бир жумада эки жолу". Жумгалда жоголгон ата-баланы издөө иши кыскартылды

Нарын облусунун Жумгал районунда мал кайтырып жүрүп дайынсыз болгон ата-баланы издөө иши натыйжа болбогонуна байланыштуу кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМдин өкүлдөрү дайынсыз болуп жаткан жарандардын ата-энеси менен жолугушуп, издөөнүн активдүү фазасы аяктаганын, бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турарын билдиришкен.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан