Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү шайлоо алдында флешмоб баштады. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына "Кыргызстан жаштар кыймылынан" билдиришти.
Маалымдалгандай, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Аида Исатбек кызы жергиликтүү кеңештерди шайлоого жарандарды активдүү катышууга чакырышууда.
Анда эл өкүлдөрү "Катыш! Танда! Шайла!" деген жазуулары бар браслеттерди тагынып чыгышты.
"Билериктер Кыргызстандын жаштар кыймылы жаштар уюму тарабынан таратылууда. Аталган кыймыл эки айдан бери шайлоону утурлай жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда өлкө аймактарында шаардык жана айылдык депутаттарды шайлоо болот.