Бишкек шаарынын Октябрь районунда 6 жеке менчик мончо текшерилип, алардын бирине 7,5 миң сом айып пул салынды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, шаарда муниципалдык инспекция мончолорду жана сауналарды текшерип, тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын жана отун катары ар түрдүү синтетикалык заттарды колдонууну токтотуу максатында рейд уюштурууда.
"Көпчүлүк мончо жана сауна ээлери экологияны коргоонун маанилүүлүгүн түшүнө башташты. Бардык текшерилген мончолордо катуу отун колдонулуп жатат. Бул багыттагы иштер улантылат", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия мыйзам бузгандар тууралуу билдирүүлөрдү 0990 757 371 Вотсап номуруна калтырса боло тургандыгын маалыматта кошумчаланган.